Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

Кыргызстан менен Катар кызматташуу боюнча документтерге кол койду


Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 7-июнь, 2023. Бишкек
Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 7-июнь, 2023. Бишкек

Бүгүн, 7-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи болду.

Жапаров Катар менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл толгонун, бул убакыт аралыгында саясий кызматташтык активдүү жүргүзүлүп, эки тараптуу маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи.

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани мындай сапарлар экономикалык жана инвестициялык жактан байланышты жандатуу үчүн маанилүү экенин айтты. Ал гидроэнергетика, туризм жана инфратүзүм жаатында кызматташуу сунушу жакынкы аралыкта караларын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдөн соң маданият, спорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, медицина, укуктук тармакта эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Катардын эмир Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга 6-июнда келген. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алган.

Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык алакасы 2010-жылдан кийин аз-аздан жандануу жолуна түшкөн. 2012-жылы Катар мамлекети Бишкекте өз элчилигин ачкан. Эки жыл өткөн соң, 2014-жылы Дохада кыргыз элчилиги ачылган. Кыргыз өкмөтүнүн 2012-жылы кабыл алган мыйзамына ылайык, 61 мамлекеттин жарандары үчүн Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилген, алардын ичинде Катар мамлекети да бар.

Катар Эмири Борбор Азия аймагына жасаган бул сапарында Бишкектен кийин Казакстан менен Тажикстанга расмий сапар менен барат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG