Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:46

Согушка каршы чыккан активист Кыргызстандан Орусияга депортацияланды


Орусиядагы аскер комиссариаттарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы аскер комиссариаттарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Екатеринбург шаарынын чет жакасындагы аскер комиссариатынын имаратына өрт коюуга тиешеси бар делген активист Алексей Рожков Кыргызстандан депортацияланып, Орусияга жеткирилди. Ал убактылуу тергөө абагында экенин укук коргоочу "Тилектештик аймагы" ("Зона солидарности") долбоору кабарлады.

Укук коргоочулар Свердлов облусунун Березовск шаардык соту активистке карата кылмыш ишин кароону жандантканын билдирүүдө.

Долбоордун маалыматына караганда, Орусияда Рожков активисттердин арасынан алгачкылардан болуп согушка каршы чыккан. Ал каршылык иретинде 2022-жылы мартта аскер комиссариатына өрт койгон учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Башында ага карата "Бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, аскер комиссариатынын имаратында күзөтчү болгон жана бул тууралуу Рожков билген. Күзөтчү жабыркаган эмес, өрт өчүрүлгөн. Ошол эле маалда Рожковду кармаган полиция имаратта эч ким жок экенин билдирген.

Кийин Рожковго козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлүп, ("Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу аракети") активисттин баш коргоо чарасы каралып, өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Орусиянын Башкы штабы "аскер комиссариаттарынын өрттөлүшү теракт катары караларын жана 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы болорун" жарыялагандан кийин Рожков Орусиядан кетүүнү чечип, 2022-жылдын декабрынын аягында Кыргызстанга келген.

Орусияда 2022-жылы 77 жолу аскер комиссариатын өрттөө аракети болгон. Аскердик комиссариаттарды өрттөдү деген шек менен козголгон айрым иштерде мындай аракеттер мүлккө зыян келтирүү жана бейбаштык катары квалификацияланган. Кийин аскер комиссариатында өрт койгондор үчүн терроризм боюнча бир топ олуттуу беренеге алмаштыра башташты.

Укук коргоочулар согушка каршы мындай аракеттер терроризмге жатпайт деп эсептешет жана мунун саясий жүйөөсү бар экенин белгилеп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG