Блогер Жекшеналиевдин иши боюнча сот жараяны 13-июнга жылды

Блогер Ырыс Жекшеналиев сотто. 15-май, 2023-жыл.

Прокурор келбей калгандыгына байланыштуу 6-июнда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда отурум болбой калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ырыс Жекшеналиевдин адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди. Ал сотто блогердин күнөөсү далилденбегенин, илинчек табуу үчүн сот улам-улам жылдырылып жатканын жана кийинки жараян 13-июнга дайындалганын айтты.

15-майда райондук соттун судьясы Мирбек Сатарбек уулу Ырыс Жекшеналиевдин ишин кароонун мөөнөтүн узарткан. Мындай чечимге блогер “Полит Узник” баракчасына чыгарган видеого байланыштуу буга чейин жүргүзүлгөн политологиялык, лингвистикалык экспертиза боюнча кошумча суроолор бар экени негиз болгон.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы себеп болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Каракалпакстан окуяларына айыпталган сегиз киши камактан бошотулду Бишкек-Кара-Балта жолун куруу: министрлик дооматты четке какты Зеленский 80дей конуш суу алдында калуу коркунучунда экенин эскерттиАлматыда кыргызстандык ишкер камакка алындыЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму болду"Каракол" аэропортунда курулуштагы кырсыктан эки адам каза болдуСот Даниел Ажиевди 29-июлга чейин камакка алды