Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Сот Даниел Ажиевди 29-июлга чейин камакка алды


Даниел Ажиевди кармоо учуру.
Даниел Ажиевди кармоо учуру.

Кыргызстанда вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиев 29-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы ага “модел” делген кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү үч мүчөсү кармалып, аларга айып тагылган.

Даниел Ажиев 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып УКМКнын суранычы менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракет кылган жеринен кармалып, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Даниел Ажиев жана анын адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Ал 2020-жылдын март айында Инстаграмдагы баракчасына видео жарыялап, муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн. Ошондон кийин ага “Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” беренеси менен иш козголуп, кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2020-жылы 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан психиатриялык диспансерге жөнөтүлгөн. Кийин эркиндикке чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG