Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Зеленский 80дей конуш суу алдында калуу коркунучунда экенин эскертти


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кахов дамбасынын жарылышынан улам 80дей калктуу конуш суу алдында калуу коркунучу турганын эскертти.

"Түнкү 02.50дө орусиялык террорчулар Кахов ГЭСинин конструкцияларын ичинен жардырышты", - деп жазды Зеленский Телеграмга.

Анын алдында президент Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда Орусияны ушул теракт үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн чаралар каралганын Зеленский кошумчалады. Буга чейин Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин Днепр дарыясынын оң тарабындагы кооптуу аймактан 16 миңдей адам коопсуз жайга чыгарылганын билдирген.

Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграмга жазган билдирүүсүндө Орусияны "экоцидге" айыптады.

Ал эми Херсондун Орусия аннексиялап алган бөлүктөрүнүн бийлиги бул дооматтарды четке кагып, жардыруу үчүн украин тарапты айыптады.

Каховдун Москва дайындаган мэри Владимир Леонтьев дамба украин тараптын соккуларынан улам жабыркаганын билдирүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди.

1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын толугу менен суу менен камсыздайт.

XS
SM
MD
LG