Москвада адам уурдоого шек саналып алты кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 23-майда Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы Новогиреево району боюнча бөлүмүнө Кыргызстандын жараны кайрылып, анын жакын тууганын белгисиз адамдар уурдап кетип акча талап кылып жатканын билдирген.
Ыкчам чаралардын жыйынтыгында Головинский шоссесиндеги батирлердин биринен уурдалган адам табылган. Аны уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шек саналып, ошол эле батирден Кыргызстандын алты жараны кармалган. Алардын улуусу 28, кичүүсү 22 жашта.
Үйдү тинтүүдө уурдалган 22 жаштагы дагы бир адам табылган. Бул фактылар боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Эркинен мыйзамсыз ажыратуу”, “Опузалап талап кылуу” жана “Адам уурдоо” беренелери менен кылмыш иши козголду.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, айыпталуучуларга жактоочулар берилип, тергөө амалдарына котормочулар тартылган. Камакка алынгандардын ушул сыяктуу башка оор кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Кармалгандардын жакындары тараптан комментарий боло элек. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкек-Кара-Балта жолун куруу: министрлик дооматты четке какты Зеленский 80дей конуш суу алдында калуу коркунучунда экенин эскерттиАлматыда кыргызстандык ишкер камакка алындыЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму болду"Каракол" аэропортунда курулуштагы кырсыктан эки адам каза болдуСот Даниел Ажиевди 29-июлга чейин камакка алды