6-июнда “Ынтымак” коомдук-аймактык телерадио компаниясынын жетекчиси кызматына экинчи жолу шайлоо өтүп, Эрмек Муратбек уулу каналдын директору болду. Анын талапкерлигин байкоочу кеңештин алты мүчөсү бир добуштан колдоду. Эрмек Муратбек уулу буга чейин президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы кызматын аркалаган.
Эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кызматка дайындоо боюнча буйрук чыгарышы керек.
Каналдын жетекчилигине ачык сынак жарыяланган. Башында үч талапкер атаандаш болуп, эки талапкер бирдей добуш алганына байланыштуу экинчи турга калган. Талапкерлердин бири Орозбек Шарабидин уулу буга чейин “Кабар” маалымат агенттигинин Оштогу өкүлү болуп иштеген.
Кыргыз, өзбек жана орус тилиндеги берүүлөр менен обого чыккан “Ынтымак” телеканалы 2012-жылы алгач радио журнал болуп, жыл аягында телеканал катары иштей баштаган.
Радионун түптөлүшүнө Ош, Жалал-Абаддагы 2010-жылдагы Июнь коогасы түрткү болгон. Анын кызматкерлерине кандуу окуяларды баштан кечирген элдин бири-бирине ишенимин кайтаруу, ынтымакка чакыруу, бириктирүү милдети жүктөлгөн. (BTo/DSh)
Дагы караңыз
"Каракол" аэропортунда курулуштагы кырсыктан эки адам каза болдуЖТРКнын кызматкерлери эки айдан бери айлык берилбей жатканын айтып чыгышты Гаитиде суу ташкыны 42 кишинин өмүрүн алдыСот Даниел Ажиевди 29-июлга чейин камакка алдыКаховдо дамбадагы жардыруудан улам бир нече аймакты суу каптадыКиев орус армиясы Кахов ГЭСинин дамбасына сокку урганын билдирди "Азаттык" иши: Депутат Түлөбаев сөз эркиндигин муунтуу жакшылыкка алып келбесин айтты