Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

ЖТРКнын кызматкерлери эки айдан бери айлык берилбей жатканын айтып чыгышты


Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы.
Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы.

Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын жамааты эки айдан бер маянасын ала албай жатканын социалдык түйүндөр аркылуу билдирип, жазып жатышат. “Азаттык” 6-июнда аталган телерадиоканалдын башкы директору Союзбек Абдурасуловго кайрылганда ал төмөнкүлөрдү билдирди:

«Эки айдан бери айлык алган жокпуз. Мурда облустук каналдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине баш иет эле, кийин Улуттук телерадио корпорациясына (УТРК) өткөн. Ошондуктан каржы маселесин тактап жатышкандыктан маяна токтоп турат. Чечилип калат деп турабыз».

Жалал-Абад облустук телеканалында 30дай кызматкер эмгектенет. Алар апрелден бери айлыгын ала электигин айтып жатышат.

Ушундай эле абал бардык облустук телерадиокомпанияларда түзүлүп жатканы белгилүү болду.

“Азаттык” буга байланыштуу маалымат алуу үчүн УТРКга кайрылганда корпорациянын жооптуу кызматкерлери облустук бардык алты телеканалдын бюджети аларга 31-майда гана өткөнүн, июндун ондорунда каржылоо башталып, апрель, май жана июнь айларынын маянасы чогуу төлөнүп берилерин билдиришти. (TB)

XS
SM
MD
LG