Депутат Таластагы "Кичи-Капка" чек ара бекетин ачууну сунуштады

кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" бекети. Архив.

Парламент депутаты Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны азайбай жатканын айтып, "Кичи-Капка" чек ара бекетин ачууну сунуштады.

“Чоң-Капкага" жакын жайгашкан "Кичи-Капка" чек ара бекети бар. 2010-жылга чейин жакшы иштеп келген. Ал учурда көйгөй жок болчу. Аны ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, кийин токтоп калды. Болгону ал жердин инфраструктурасы оңдолушу керек. Казакстан тарап каршы эмес”, - деди депутат.

Буга чейин чек ара бекетин ачууда Казакстан тараптын бардык инфраструктурасы даяр экени, Кыргызстанга бажы бекетин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүү талабы коюлганы кабарланган.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги маал-маалы менен пайда болуп турат. Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстанда жасалма шенген визасын даярдагандар аныкталганы кабарланды  Жанар Акаев Конституциялык соттун депутатка иш козгоо боюнча түшүндүрмөсүн сынга алдыТалапкер Улан Сариев УКМКнын айыптарын четке кактыОрусияда 7 млн. рубль уурдаган деп соттолгон кыргызстандык бошотулдуНазарбаевди кемсинтүү үчүн каралган кылмыш жоопкерчилиги алынат