Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:47

Назарбаевди кемсинтүү үчүн каралган кылмыш жоопкерчилиги алынат


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын Кылмыш кодексинен өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди кемсинтүү жана ар-намысына шек келтирүү үчүн жоопкерчиликке тартуу нормасы алып салынат.

Бул тууралуу парламент мажилисинин депутаты Снежанна Имашева билдирди.

Анын айтымында, кылмыш жоопкерчилигин алуу боюнча өзгөртүүлөр "техникалык мүнөзгө ээ". "Азыр Элбашы деген макамы жок, ошондуктан кылмыш жоопкерчилиги керек эмес жана ал колдонулбайт. Бул норма Элбашыга гана тиешелүү, анын үй-бүлөсү жөнүндө сөз жок", – деди депутат.

Маалыматты Казакстандын Юстиция министрлиги да ырастады.

Быйыл февралда президент Касым-Жомарт Токаев "Казакстандын биринчи президенти – Элбашы тууралуу" мыйзамдын күчүн жокко чыгарган жарлыкка кол койгон.

Мыйзамда өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар артыкчылыктар, анын ичинде мамлекеттин эсебинен өмүр бою коопсуздугун каржылоо жана күзөт берүү каралган.

Мындан тышкары Токаевдин жарлыгы менен Назарбаев өзү ээлик кылган мүлктөрдүн кол тийбестигинен, анын жакындары жеке кол тийбестигинен ажыратылган.

Быйыл январда Конституциялык сот "Казакстандын биринчи президенти – Элбашы тууралуу" мыйзамды күчүн жоготту деп таап, ал казак парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында жактырылган.

Казакстанда 30 жылдай бийликте турган Нурсултан Назарбаевдин жакындары жана санаалаштары өлкөдөгү эң таасирдүү фигурага айланган. Агасы, кыздары жана күйөө балдары курулуш, соода, транспорт жана банк тармагында эбегейсиз бизнеске ээ болуп, байыган. Алардын байлыгынын булактары ачык айтылбайт. Батышта Назарбаевдердин кыймылсыз мүлкүн "күмөндүү каражаттарга" сатылып алынган деген жүйө менен камакка алууга аракет кылган учурлар болгон.

Президент Токаевдин оппоненттери анын демилгелери жылдап гүлдөгөн коррупциядан, автократиялык системадан арылууга багытталбаганын сындап келишет.

XS
SM
MD
LG