Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:12

Орусияда 7 млн. рубль уурдаган деп соттолгон кыргызстандык бошотулду


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Новосибирск облустук соту 7 млн. рубль акча уурдоого айыпталып эки жыл, алты айга соттолгон кыргызстандык Айнагүл Борбиева боюнча мурунку инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, 31-майда сот залынан бошотту.

Борбиеваны бошотуу өтүнүчү менен анын жактоочулары кайрылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

2022-жылы 27-октябрда Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту кыргызстандык жаранга карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны эки жыл, алты айга эркинен ажыраткан.

2021-жылдын ноябрында Новосибирск шаарында эмгектенип жүргөн Айнагүл Борбиева Кылмыш кодексинин 158-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук”) боюнча шектүү катары кармалган.

“Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында Орусия жараны В.С. 2021-жылы 4-ноябрь түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль салынган баштыгын унутуп кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу ал баштыкты жараны Борбиева алып, жумушуна алып барып койгону аныкталган”, - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

ТИМ кыргызстандык Борбиевага бардык юридикалык жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Орусиядагы түрмөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан миңдей кыргызстандык бар. Бул өлкөдө миграцияда жүргөн кыргыз жарандарынын саны миллионду чамалайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG