Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо үчүн макулдук алуу маселеси бүгүн, 1-июнда парламент жыйынында көтөрүлдү.
Депутат Жанарбек Акаев Конституциялык соттун парламент өкүлүнө иш козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок деген мазмундагы чечимин сынга алып, ага реакция кылууга чакырды жана бул мекеменин жетекчиси кызматтан кетиши керектигин айтты:
“Кылмыш кылып жаткан учурда үстүнөн келип кармаса, маселе жок. Эми эмне кылабыз, мындан ары мал чарбачылыгынан, дыйканчылыктан башка бир нерсе сүйлөйбүзбү? Баш мыйзам бир адам үчүн эмес, система үчүн иштеши керек. Бийлик буга чейин да алмашкан, кайра-кайра алмашат, бирок Баш мыйзам калышы керек да. Аны адамга тууралап иштетпешибиз керек”.
Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентиндеги “депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек” деген мазмундагы норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапканы быйыл 25-майда белгилүү болгон.
Конституциялык сотко бул норманын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен адвокат Төлөндү Самаков кайрылган. Ал эч бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөй турганын, юрист катары билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба токтоо максатында кайрылганын кошумчалаган. Эми, анын айтымында, парламент регламентине тийиштүү өзгөртүү киргизүүгө милдеттүү болот.
Конституциялык соттун чечиминде “Кылмыш жасады деген негиздүү шектенүүлөр болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо депутаттын ишине жана көз каранды эместигине кол салуу болуп саналбайт. Конституциялык сот “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 138-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, депутатка иш козгоого Жогорку Кеңештин макулдугун алуу зарылдыгын белгилеген механизм укуктук кол тийбестиктин максаттарына шайкеш келбейт жана Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 78-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген чектен чыгып кетет деп белгиледи” деп айтылды.
Депутат Акаевдин бүгүнкү билдирүүсүнө Конституциялык сот комментарий бере элек.
- 31-майда парламент жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирип, буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү. Прокуратура берген сунушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган. Мадумаров укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуу аракетин толугу менен саясий иш деп баалап, ар кандай кырдаалга даяр экенин билдирди. (RK)
Дагы караңыз
УКМК: парламентке талапкер Сариев добуш сатып алууга шек саналуудаОрусияда 7 млн. рубль уурдаган деп соттолгон кыргызстандык бошотулдуНазарбаевди кемсинтүү үчүн каралган кылмыш жоопкерчилиги алынатТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)