Аба ырайы: Бийик тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борборунун кабарлашынча, Кыргызстандын аймагында 27-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Талас аймагында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 градус жылыйт.

27-май, ишембиге караган түнү Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз күндүн экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° жылуу болот. (ErN)

Дагы караңыз

Краснодардагы жардырууга дрон чабуулу себеп болгону айтылууда Украина аймактары кайрадан жапырт аткылоого кабылдыКыргызстандагы сөз эркиндигинин азыркы абалы талкууланууда Равшан Жээнбековдун жубайына коюлуп жаткан айып боюнча маалымат берилди HRW: Ташкент дин тутуу эркиндиги боюнча убадаларын аткарган жокКазакстанда оппозиционер Марат Жыланбаев эки айга камалдыДепутат Осмонов "негативди токтотпогон" ЖМКлар жабылышы мүмкүндүгүн айтты