Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

HRW: Ташкент дин тутуу эркиндиги боюнча убадаларын аткарган жок


Өзбекстандагы мечиттердин бири.
Өзбекстандагы мечиттердин бири.

Human Rights Watch (HRW) уюму Өзбекстандын бийлиги убада бергенине карабай жарандардын дин тутуу эркиндигин чектөөнү улантып жатканын билдирди. Бул тууралуу эл аралык укук коргоо уюмунун 24-майда жарыяланган баяндамасында айтылат.

Баяндаманын авторлору Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин мусулмандарды жапырт камакка алуу көрүнүштөрү токтоп, ишеними же тынч диний ишмердүүлүгү үчүн камалган жүздөгөн адам бошотулуп, миңдеген киши атайын кызматтын "кара тизмесинен" чыгарылганын белгилешкен.

"Бирок өзбек өкмөтү динди мурдагыдай эле коркунуч катары көрүп, жарандарга негизсиз чектөөлөрдү киргизүүдө", – деп жазылган баяндамада.

Укук коргоочулар буга бир нече фактыны келтиришкен.

Баяндамада Өзбекстанда формалдуу түрдө дин өкмөттөн ажыратылганы менен аткаминерлер Муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет сыяктуу мекемелер аркылуу өлкөдөгү динди көзөмөлдөп жатканы белгиленген.

Соңунда укук коргоочулар эл аралык өнөктөштөрүн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болуп эсептелген Өзбекстанды жарандардын дин тутуу эркиндигин сыйлоого чакырууга үндөшкөн.

Быйыл Өзбекстанда эки студент Телеграм каналдарда диний ыр таратканы үчүн камакка алынды.

XS
SM
MD
LG