Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин азыркы абалы талкууланууда


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган көйгөйлүү макалалардын көпчүлүгү мамлекеттик органдар берген расмий маалыматтын негизинде жазылып, жарыяланарын бүгүн, 26-майда Бишкекте сөз эркиндигине арналган жыйында журналист, фактчекер Асел Сооронбаева билдирди:

“Биз журналисттер эмне жазып жатканын бир күндүгүн алып изилдеп, анализдеп чыкканбыз кандай макалалар чыгып жатканын. Ошонун 70% мамлекеттик органдардын пресс-релиздери болуп чыккан – ошол эле УКМКнын, ИИМдин “зордукталды”, “уурдалды”, “кылмышкер кармалды” деген. Журналисттер болгону ошону эле чагылдырып жатат да. Же журналисттер оюнан чыгарып жазып жатышабы?"

Жыйынга катышкан ЖК депутат Айбек Осмонов журналисттерди элдин көңүлүн көтөрө турган маалыматтарды жарыялоого чакырды:

“Журналистика жаатындагылар бардыгы биригиши керек жана коомубузду жакшы жакка бурушу зарыл. Качан карасаң эле “Чаап кетти, атып кетти, тутуп кетти…” деген нерселерди көрөбүз. Андай болбойт. Массалык маалымат каражаттары элге жакшы, элдин көңүлүн көтөрө турган, жагымдуу жактарды жа көрсөтсөк".

“Кыргызстандагы сөз эркиндигинин конституциялык кепилдиктери жана азыркы кырдаалы” деген жыйынды Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы уюштурду.

Талкуу Кыргызстанда бийлик "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамды жаңылоо аракетин көрүп, бир катар алдыңкы ЖМКлар боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан учурга туш келди. (RK)

XS
SM
MD
LG