Депутат Осмонов "негативди токтотпогон" ЖМКлар жабылышы мүмкүндүгүн айтты

Айбек Осмонов.

Көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, бир жактуу гана маалымат бере берген Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жабылып калышы мүмкүн деген пикирин бүгүн, 26-майда сөз эркиндигине арналган жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.

Депутат сөз эркиндигинен пайдаланып “аша чапкандар да бар” болуп жатканын айтып, андайларга “укук тартибин коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканына кошуларын” белгиледи жана “мыйзам чегинде иштеп жаткандарга андай мамиле жасабаш керек” деп эсептей турганын билдирди:

“Бизде ЖМК чаржайыт болуп кеткен. Билгени да, билбегени да көптөгөн маалыматты таратып жатышат. Эл күлбөй калды. Негатив жана негатив... Биздин мамлекетте сөз эркиндиги жетиштүү. Аша чапкандарды эле тартипке чакыруу керек. Негативди токтотуш керек. Эгерде ЖМК бирдиктүү боло бере турган болсо келечекте жабылып да калышы мүмкүн. Ар түрдүү болуш керек”.

“Кыргызстандагы сөз эркиндигинин конституциялык кепилдиктери жана азыркы кырдаалы” деген бул жыйынды Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы уюштурду. Ага мамлекеттик органдардын, көз каранды эмес уюмдардын жана медиа коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Талкуу Кыргызстанда бийлик "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамды жаңылоо аракетин көрүп, бир катар алдыңкы ЖМКлар боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан учурга туш келди.

"Медиа Полиси институту"" уюмунун юристи Нурбек Сыдыков 15-майда коомдук талкууга чыгарылган ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбооруна журналисттер коомчулугунан турган жумуш тобунун сунуштары кирбей калганын, эгер ал азыркыдай редакцияда кабыл алынса "сөз эркиндигине терс таасирин тийгизерин" айтты.

Журналист, фактчекер Асел Сооронбаева көйгөйлүү макалалардын көпчүлүгү мамлекеттик органдар берген расмий маалыматтын негизинде жазылып, жарыяланарын билдирди:

“Биз журналисттер эмне жазып жатканын бир күндүгүн алып изилдеп, анализдеп чыкканбыз кандай макалалар чыгып жатканын. Ошонун 70% мамлекеттик органдардын пресс-релиздери болуп чыккан – ошол эле УКМКнын, ИИМдин “зордукталды”, “уурдалды”, “кылмышкер кармалды” деген. Журналисттер болгону ошону эле чагылдырып жатат да. Же журналисттер оюнан чыгарып жазып жатышабы?". (RK)

Дагы караңыз

АКШ санкция салган Токмоктогу компаниянын таржымалы Гүлнаранын миллиондору: премьер Ариповдун карааныБаку менен Ереван аймактык бүтүндүктү таанууну макулдаштыКыргызстандагы сөз эркиндигинин азыркы абалы талкууланууда