Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Баку менен Ереван аймактык бүтүндүктү таанууну макулдашты


Илхам Алиев жана Никол Пашинян.
Илхам Алиев жана Никол Пашинян.

Армения менен Азербайжан бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таанууну макулдашты. Бул тууралуу армян премьер-министри Никол Пашинян Евразия экономикалык биримдигинин кеңешинин Москвадагы жыйынында билдирди.

Пашинян Ереван бардык транспорттук жана экономикалык коридорлорду, ошондой эле Азербайжан менен аймактык байланыштарды ачууга даяр экенин айтты.

Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения Тоолуу Карабакты Азербайжандыкы деп таанууга даяр экенин билдиргенин белгилеп, Ереван менен алакаларды оңдоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Мындан тышкары, ал Азербайжандын Арменияга карата эч кандай аймактык дооматы жок экенин белгиледи.

22-майда Никол Пашинян Армения Тоолуу Карабакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин айтып, бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздашы керектигин белгилеген.

Армения менен Азербайжан отуз жылдан ашуун убакыттан бери Тоолуу Карабактын айынан кармашып келет. Соңку айлардагы кагылышууларга карабай, Баку менен Ереван тынчтык келишимине кол коюуга кызыкдар экенин билдирүүдө.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү деп тааныган, бирок этностук армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабакта Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгашкан.

АКШ жана Евробиримдик да эки тарапты ортодогу жаңжалды туруктуу жөнгө салууга үндөп келатышат.

1-майда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери АКШнын ортомчулугу менен Вашингтондо жолуккан.

XS
SM
MD
LG