Өзгөндө окуучулардын сабалышы боюнча тергөө башталды

Видеонун скрини.

17-май күнү интернетте он чакты окуучуну тизип алып, күч колдонуп аткан видео тараган. 19-майда жабыр тарткан балдардын биринин агасы, дагы биринин апасы Ош облустук милициясына арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нур-Пери Абдуллаева билдирди.

"Балдарды уруп-согууга байланыштуу райондук милицияда арыздар катталып, тергөө амалдары башталды. Объективдүү жана ар тараптуу текшерүү иштерин жүргүзүү максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Окуучулар ата-энесинин катышуусунда сурак берүүдө. Жыйынтыгында юридикалык баа берилет", - деди Абдуллаева.

20дан ашык бала катышкан окуя айылдын жашоочуларынын чогулушунда да талкууланды.

Активист Саадат Исакованын билдиришинче, 7-класстын окуучулары мектептен чыгып, айыл четине тыт жегени барган. Ошол убакта аларды 8-класстын балдары кармап, биринин телефонун тартып алып, кол көтөрүп, акча талап кылган.

Бул окуянын алдында Сузакта окуучу кыз курбусунан чөгөлөп кечирим сурап жаткан видео тараган. Маселе парламентте 22-майда көтөрүлүп, анда депутат Айбек Маткеримов окуяга күбө болуп, чара көрбөгөн мугалимдердин жоопкерчилиги тууралуу айткан.

Акыркы учурда кез-кезде балдар арасындагы зомбулук, мугалим менен окуучунун ортосундагы жана ата-эне менен мугалимдин мамилеси тууралуу түрдүү видеолор интернетте чыгып келет.

Адистер балдар арасындагы мындай окуяларга бир нече фактор таасир этип жатканын, алардын арасында ата-энелердин миграциясы, элдин социалдык абалы өңдүү фактылар бар экенин айтып келет.

Балдардын укугун коргоочулар болсо жыл өткөн сайын балдарга карата жасалган зомбулуктун саны көбөйгөнүн айтып коңгуроо кагууда. Назгүл Турдубекованын белгилешинче, 2021-жылы 250 окуя катталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 500гө жеткен. (KS)

Дагы караңыз

Орусияда өзбекстандык укук коргоочу Хамроев 14 жылга абакка кесилдиПрезидент Жапаров иш сапары менен Москвага учуп кеттиТоктогулда 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө бир тууганы шек саналууда"Бакай банк" Орусиянын агрессиясын колдобой турганын билдирдиОрусия Белгороддо атайын операция аяктаганын кабарлады