Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Орусия Белгороддо атайын операция аяктаганын кабарлады


Белгород облусу, 22-май, 2023
Белгород облусу, 22-май, 2023

Орусия Украина менен чектеш Белгород облусунда “терроризмге каршы операция” аяктаганын кабарлады.

Бул тууралуу облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди. 22-майда губернатор украин армиясынын "диверсиялык тобу" Украина менен чектеш Грайворон районуна кирип келгенин билдирген. Соңку маалыматтарга караганда, 12 киши жараат алды. Гладков эки киши каза болгонун ырастады. 1941-жылы туулган жергиликтүү тургун эвакуация учурунда, Козинка айылынын жашоочусу атышуу учурунда каза болушу ыктымал.

Орусиянын Коргоо министрлиги Брянск облусунун аймагына кирип барган топтон 70 адам өлгөнүн кабарлады. Орус аскерлеринин жоготуулары боюнча расмий маалымат жок. "Коммерсантъ" басылмасынын маалыматына караганда, эки аскер кызматкери каза болуп, төртөө жараат алган. Бул маалыматтарды башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Рейддер үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Эркин Орусия" деген легиондун жана "Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” өкүлдөрү алган. Маалыматтарга караганда, орус жарандарынан куралган бул топтор украин тарапта согушуп жүрөт.

23-майда Телеграм-каналдар жана маалымат каражаттары Белгород жана Харьков облустары чектеш аймакта жарылуу жана атышуулардын добушу угулуп жатканын кабарлаган.

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов алар Белгород облусунда “коопсуздук тилкесин” түзүү операциясын жүргүзүп жатканын билдирген. Адатта украин армиясы Орусиянын аймагы аткыланган учурлар же ал жактагы диверсиялар тууралуу комментарий бербейт. Юсов операцияга орус жарандары гана катышканын белгиледи.

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Киев окуяны "кызыгуу менен байкап жатканын", бирок ага "эч кандай тиешеси" жок экенин жазды.

XS
SM
MD
LG