Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Орусияда өзбекстандык укук коргоочу Хамроев 14 жылга абакка кесилди


Бахром Хамроев.
Бахром Хамроев.

Москванын экинчи Батыш округдук аскер соту укук коргоочу Бахром Хамроевди “Интернет аркылуу терроризмге ачык чакыруу” жана “террордук уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу” беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыратты.

“Мемориал” укук коргоо борборунун маалыматында, сот өкүмүнө ылайык, Хамроев алгачкы үч жылын абакта, калган мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги колонияда өткөрөт.

Москвалык журналисттер Бахром Хамроев сотко “Саясий от - кооптуу” деген плакат менен келгенин жазышууда.

"Саясий туткундардын" саны жетиштүү. Мусулмандар ким менен мамиле кылып жатканын түшүнүштү. Мусулмандар Орусия душман экенин түшүнөт жана буга көптөгөн далилдер бар. Мен Өзбекстанда диктатурага кабылган адамдарды коргогом. Орусиядагы адам укуктары Кытайга караганда начар. Украинада согушууну каалабаган мусулмандар репрессияга учурайт. Бийлик алардын ички душманы экенин көрсөтөт", - деп жазды "Сота" басылмасы Бахром Хамроевдин сөзүн.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары прокуратура Хамроевди 21 жыл абакка кесүүнү соттон суранганын жазышкан.

Бахром Хамроев мигранттарга укуктук жана социалдык жактан көмөк көрсөткөн "Жардам" фондунун жетекчиси гана эмес, "Мемориал" укук коргоо борборунун мүчөсү.

Ал Фейсбук баракчасында жазган сөздөрү үчун февраль айында кармалган. Ошол эле учурда анын үйү тинтүүгө алынып, өзү "Лефортоводогу" убактылуу тергөө абагына камалган.

Федералдык коопсуздук кызматы Хамроевдин жазгандарында Орусияда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмун колдогон элементтер бар экенин аныктаган.

Өткөн жылы октябрда укук коргоочуга “террордук уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Хамроевдин кесиптештери ал кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтукталып жатканын белгилешет.

Бухаралык, элдик оппозициялык “Бирлик” кыймылынын мүчөсү Бахром Хамроев 1992-жылы саясий куугунтуктан улам Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Акыркы 25 жыл ичинде мигранттардын, качкындардын жана мусулмандардын укугун коргоо менен алектенген. Буга чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги ага каршы бир нече жолу кылмыш жана административдик иштерди козгогон. Ислам Каримовдун режимин катуу сындаган Бахром Хамроев Москвада Өзбекстандын биринчи президентинин эстелигинин жанында бир нече ирет нааразылык акцияларын өткөргөн.

XS
SM
MD
LG