Токтогулда 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө бир тууганы шек саналууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шек саналып эки жаран кармалды, алардын бири маркумдун эжеси экени айтылып жатат.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматында, 2023- жылдын 3-май күнү саат 9:00 чамаларында Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын ичиндеги кафелердин биринин тапчанында денесинде жарааттары бар, 2000-жылы туулган жарандын сөөгү табылган.

Окуя болгон жерге Токтогул райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмышка шектүү катары Токтогул районунун тургундары, 2003-жылы туулган Ж.Б. жана 1991-жылы туулган М.Ж. (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Улуттук статистика комитеттинин маалыматында да өлкөдө 2022-жылдын алты айында мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу карактоо 15%, тоноо 5%, уурулук 1,4% көбөйгөнү көрсөтүлгөн. Булар бардык кылмыштардын жалпы санынын 73% түзөт.

Буга чейин Белградда жайгашкан Numbeo сайты дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген. Аталган сайт ар кайсы өлкөлөрдө түрдүү жагдайларды ачык маалыматтарга жана статистикага таянып, иликтеп келет. (КЕ/ТВ)

Дагы караңыз

Орусия Белгороддо атайын операция аяктаганын кабарладыПрезидент Зеленский майдан тилкесинде аскерлер менен жолугушту Орусияда Украинадагы согушка катышуудан баш тарткан аскер үч жылга кесилдиОрусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун тапшырууга милдеттүү