Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:15

Президент Зеленский майдан тилкесинде аскерлер менен жолугушту


Украинанын президенти Владимир Зеленский Угледар-Марьинка согуш тилкесиндеги аскерлер менен. 23-май, 2023-жыл. Донецк облусу.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Угледар-Марьинка согуш тилкесиндеги аскерлер менен. 23-май, 2023-жыл. Донецк облусу.

23-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусундагы согуш жүрүп жаткан Угледар-Марьинка тилкесине барып, жоокерлерди Аскер деңиз күчтөрүнүн күнү менен куттуктады.

Зеленский аскерлер менен чогуу түшкөн сүрөттүн алдына «Украинаны коргоп жаткан ар бир мырза, айымга даңк!», - деп жазды.

Ал ошондой эле аскерлерге сыйлыктарды тапшырып, курман болгондорду эскерди.

Бир нече айдан бери айыгышкан салгылаштын борборуна айланган Бахмут шаары боюнча согушкан эки тарап карама-каршы билдирүүлөрдү таратууда. Орусия калааны өз карамагына алганын жарыяласа, украин аскерлери Бахмут үчүн кармаш уланып жатканын билдирди.

Украин күчтөрү Бахмуттун түндүк жана түштүк тараптарында алдыга жылганын Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Александр Сырский 23-майда маалымдады.

Ал эми коргоо министринин орун басары Анна Малярдын Телеграмга жазганына караганда, украиналык аскерлер Бахмутта өтө чоң ийгиликке жетпегени менен Орусия ири жоготууларга учурап жатат.

23-майда Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков билдиргендей, Борисовка айылындагы административдик имаратка жана Грайворон районундагы эки үйгө дрон менен чабуул коюлду.

Бир күн мурда орус тарап райондо айыгашкан кармаш болгонун, ал үчүн украиналык «диверсанттар» жоопкер экенин билдирген. «Медиазона» Телеграм-каналы Белгороддун борборунда жардыруу болгонун, Федералдык коопсуздук кызматынын кеңсесине барган жол жабылганын жазган.

Орусиянын Тергөө комитети 23-майда Украинанын аймагынан кирди делген «диверсиялык» топко каршы «террорчулук» беренеси менен иш козгогонун билдирди.

Белгородго жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүн «Эркин Орусия» деп атаган топ алды. Ал топ украин күчтөрү менен кызматташкан орусиялыктардан турарын билдирүүдө.

Украин өкмөтү Орусиянын аймагындагы окуяларга тиешеси жок экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG