Ленин округу: шайлоого катышуудан дагы бир талапкер баш тартты

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуудан талапкер Бакытбек Мураталиев баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдап, ал шайлоого катышпасы тууралуу Боршайкомго шайлоо бюллетени басылып чыккандан кийин маалымдаганы үчүн, 100 миң сомдук күрөөнү кайтарылбай турганын билдирди.

Аталган аймактан шайлоого 29 талапкер катышат. Башында 32 талапкер катталып, кийин үчөө баш тартты.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 28-майда өтөт.

Аталган шайлоо аймагынан мурда депутат болгон Жаныбек Абиров түнкү клубдагы калайман мушташка катышканы ачыкка чыккандан кийин, 27-мартта мандатын тапшырган.(ZKo)

Дагы караңыз

Индия экспортко чыга турган жөтөл дарыларын текшерүүнү күчөтөт Акаевдин лекциясына байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү“Акнет” иши: Ажимудиновго өкүм чыкты Түркиядагы шайлоонун экинчи айлампасы: Зумерлер баарын чечет ӨКМ ашууларда кар көчкү коркунучу сакталып жатканын эскертти Кадыр Кошалиев УТРКдан кеткенин билдирди