Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

Кадыр Кошалиев УТРКдан кеткенин билдирди


Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

Кадыр Кошалиев Улуттук телерадиокорпорациясынын (УТРК) баяндамачысы кызматынан кеткенин бүгүн 23-майда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал курултай мыйзамын кабыл алуу Кыргызстандагы номур биринчи маселе болуп жатканын белгилеп, ага каршы иштеп жаткан күчтөр бар экенин айтты:

"Жумушум да көп болуп жатат. Ошондуктан өз каалоом менен бүгүн арызымды жазып бердим. Бүгүндөн тартып бүтүндөй күчүмдү курултай мыйзамын кабыл алууга жана ушул иштерди иретке салууга жумшайм".

УКТР бул тууралуу "УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөнү жүргүзүү менен корутунду чыгара электе кабарчы Кадыр Кошалиев корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти" деп билдирди.

15-майда Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан Бакиев 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берип, актанган.

УТРК маек Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганын, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.

Биринчи Элдик курултай былтыр ноябрда өткөн. Анда Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

20-майда Таласта ошол курултайдын делегаттары жыйынга чогулуп, Кошалиевдин төрагалыктан кетишин өзүнүн көзүнчө талап кылышкан.

Курултайдын Кара-Буура айыл өкмөтүнөн делегаты Иманбек Байсеитов “Интервьюсун карап отурсам, курултай жөнүндө да суроо берип, сунушун сурап жатат. Ал бизге сунуш бере турган адам эмес. Ал 30 жылга сыртынан соттолгон адам. Ага барып, ушундай ишти алып барган биздин төраганын кылган иши өтө оор нерсе. Бизге гана эмес, кыргыз элине көө түштү” деп айткан.

Кошалиев ал маеги тууралуу “Азаттыкка” мындай комментарий берген:

“Долбоор аркылуу мурдагы жетекчилер менен маектешели деген план бар болчу. 4-январда Москвада Аскар Акаевич менен маектешкем. Андан кийин 14-15-апрелде Минскиде Курманбек Бакиев менен маек болду. “Кыргыз ааламы” долбоорунда Кыргызстанды мурда жетектеген беш адамдан интервью кылып эфирге берели деген программабызда бар болчу”.

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 22-майда маалымат таратып, “Элдик курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик курултайда делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат. Андыктан, Элдик курултайдын төрагасы ар бир кезектеги курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз", - деп жазган.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG