Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Индия экспортко чыга турган жөтөл дарыларын текшерүүнү күчөтөт


Doc-1 Max дарысы
Doc-1 Max дарысы

Индия мындан ары жөтөл дарыларын экспорттоонун алдында милдеттүү түрдө текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу өкмөт чыгарган токтомдо жазылганын Reuters кабарлады. Индияда чыгарылган дарыларды Гамбия жана Өзбекстандагы ондогон балдардын өлүмүнө байланыштырып келишет.

Маалыматка ылайык, эми жөтөлдүн дарысы четке сатылардын алдында мамлекеттик лабораториянын сертификаты болушу керек. Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган өкмөттүн токтомунда эреже 1-июндан күчүнө кирери белгиленген.

Индиянын фармацевтикалык өндүрүшү дүйнөдө эң ири деп саналат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Индияда үч башка компания өндүргөн жөтөл дарыларында уулуу заттарды аныктаган.Эки компанияда чыгарылган сироптор Гамбиядагы 70, Өзбекстандагы 19 баланын өлүмүнө себеп болгону расмий маалымдалган.

Өзбекстанга экспорттологон Marion Biotech компаниясынын дарыларынан да уулуу заттар чыккан.

Компания Өзбекстандагы балдардын өлүмүнөн кийин “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтоткон.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG