Чаткалда аралашма алтын кенин иштеткен компания боюнча иш козголду

Чаткал аймагы.

Чаткалда аралашма алтын кенин иштеткен компания боюнча кылмыш иши козголгонун бүгүн 22-майда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аталган ишкана аралашма алтынды мыйзамсыз казып алуу менен алектенген.

Райондук прокуратура козгогон иш Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш”) менен тергелүүдө.

“Чаткал” токой чарбасынын кызмат адамдары ал ишкана менен 2021-жылы “Каратөбө-Бузук” тилкесиндеги жер участогун 2026-жылга чейин ижарага берүү жөнүндө келишимге кол коюшканы, бирок лицензияда көрсөтүлгөн 24 гектардын ордуна мамлекеттик токой фондунан дээрлик 43 гектар, башкача айтканда, пайдаланууга 19 гектардай жер ашыкча берилгени маалымдалды. Мындан тышкары, башкы көзөмөл мекемесинин маалыматына караганда, 1,5 гектар жер тилкеси да уруксатсыз пайдаланылып жүргөн.

Чаткалда алтын казган бир нече ишкана бар. Аларды мамлекет берген лицензиянын негизинде чет өлкөлүк инвесторлор иштетет. Аталган аймакта коррупцияга байланыштуу иштер буга чейин да козголуп келген. (RK)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши боюнча камалган Атай Бейшенбек айып изоляторунан чыгарылдыБорбор Азия-Кытай: каржылык колдоо, визасыз режимЖК комитети "фейктер жөнүндө"мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырдыЖер боюнча талаштуу токтомду жокко чыгаруу сунушу айтылды