Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:17

Кемпир-Абад иши боюнча камалган Атай Бейшенбек айып изоляторунан чыгарылды


Атай Бейшенбек.
Атай Бейшенбек.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган жарандык активист Атай Бейшенбек айып изоляторунан 21-майда чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан (ЖАК) "Азаттыкка" кабарлашты.

Буга чейин Бейшенбек айып изоляторуна камалганы үчүн абак жетекчилигин күнөөлөгөн. 19-майда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланган билдирүүсүндө ага телефонду “өзүлөрү беришкени”, сырттан телефон киргизүү мүмкүн эместиги, кирип-чыккан сайын атайын аппарат менен тинтүү кылынары жана камера оозунда бир эмес, эки видеокөзөмөл турары айтылган.

Атай Бейшенбек айып изоляторуна киргизилгенин ЖАК 18-майда маалымдап, муну пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы менен түшүндүргөн. Активисттин "Фейсбуктагы" билдирүүсүнө расмий комментарий берилген эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG