Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Жер боюнча талаштуу токтомду жокко чыгаруу сунушу айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Мамлекеттик фонддун карамагындагы жер тилкелерин айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына мөөнөтсүз берүү боюнча №309 токтомун жокко чыгаруу маселеси бүгүн 22-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан (ФПС) канча жер алынганын, аларда канча кооператив түзүлгөнүн, канча үрөн берилгенин сурады:

“ФПСтин жерлеринин баарын алдык, анан үрөндүн артып калганы кызык болуп жатат. Жада калса Жобоңор да жок экен. Жерди жөн эле алып алган экенсиңер. Азыр бүт Кыргызстан боюнча кайрылып жатышат ушул 309-токтомду жокко чыгарып бергиле деп. Жерлер иштетилбесе, силер өзүңөр көзөмөл кылбасаңар, матрезервде үрөн калып калып жатса. Бул токтом эки-үч кишинин жеке кызыкчылыгы менен эле кабыл алынып калган болобу?”

Депутаттардын суроолоруна айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров жооп берди. Ал анализ жүргүзүлүп жатканын, жыйынтыгы июнда чыгарын билдирди:

“Негизинен туура маселе көтөрүп жатасыз, бирок биз Орусиядан алып келген 14 миң 164 тоннанын 700 тоннадайы эле калды өздөштүрүлө элек. 95% үрөн таркатылып берилди да. 5% бар, азыр жазгы-талаа иштери бүтө элек, ал боюнча иш жүрүүдө. 309-токтом боюнча канчасы алынганы боюнча жанымда маалымат жок экен, толук маалымат алып келип берели”.

Айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын продукция өндүрүүсү жана сатуусу үчүн мамлекеттик фонддогу жердин 50 пайызын пайдалануу мөөнөтү аяктаганда Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү укугун караган №309 токтом 2021-жылы 17-декабрда кабыл алынган. Бул токтом акырында жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүү максатын гана көздөй турганын айткандар өкмөттүн мындай кадамын сындап чыгышкан. Айыл чарба министрлиги кооптонууга негиз жок экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG