19-майда Түркияда жекшембиде өткөн президенттик жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгын өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы расмий сайтында жарыялады.
Анда Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,88% топтоду.
АТА альянсынан чыккан Синан Оган 5,17%, “Мамлекет” партиясынын лидери Мухаррем Инже 0,43% добуш алды.
Маалыматта түркиялык шайлочулардын 88,92 % катышканы кабарланды. Түркиянын тарыхында шайлоочулар 1987-жылы парламенттик шайлоого жигердүү катышкан. Анда шайлоочулардын 93,38% добуш берген.
Буга чейин президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтө турганы расмий жарыяланган. Анда Эрдоган жана Кылычдароглу ат салышат.
Түркиянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алганда гана жеңишке жетти деп эсептелет. (ElB)
Дагы караңыз
Британиянын парламентинин өкүлдөрү “Азаттыктын” иши боюнча кыргыз бийлигине кайрылдыReuters: Кыргыз компаниясы АКШнын санкция тизмесине кирдиРинат Урматбек уулу кудо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду