Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Ринат Урматбек уулу кудо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду


Кудо боюнча 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Ринат Урматбек уулу. Токио, Жапония. 14-май, 2023-жыл.
Кудо боюнча 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Ринат Урматбек уулу. Токио, Жапония. 14-май, 2023-жыл.

Кудо боюнча 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында кыргызстандык эки спортчу алтын жана коло медал утту.

Спорттун аталган түрү боюнча федерациянын президенти Валерий Кимдин "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, мелдеш 13-14-майда Жапониянын Токио шаарында өтүп, ага 30 өлкөнүн спортчулары катышкан. Таймаштар кыздар, жаштар жана чоңдор арасында болгон. Кыргызстандан төрт спортчу катышкан.

19 жашка чейинкилер арасында (U-19) Ринат Урматбек уулу 250 коэффициент категориясында (спортчунун бою менен салмагы кошулуп эсептелет) үч атаандашын утуп, дүйнө чемпиону болду. Ал финалда жапониялык Жойчиро Акацуканы жеңип, алтын медал тагынды. Ушул эле 19 жашка чейинкилер арасында Нурсултан Батырбеков 240 коэффициент категориясында коло медалга ээ болду.

16 жашка чейинки кыздар арасында Ангелина Ким 63 кг. салмак категориясында 4-орунду, чоңдор арасында Наталья Аблова (+230 коэффициент) 6-орунду ээлеген.

“Акча каражатынын тартыштыгынан дагы мыкты спортчуларыбыз барбай калды. Балким, алар барса чоңдор арасында да байгелерди алмакпыз. Дүйнө чемпионатынын байге ээлери Бишкектин Ленин районундагы Балдардын чыгармачылык борборунун шакирттери. Ал борбордо мен машыктыруучу болуп иштейм. Балдарды дагы бир машыктыруучу Илья Хегай экөөбүз даярдап алып бардык. Бизге колдоо көрсөткөн ата-энелерге, кесиптештерге ыраазычылык билдирем”, - деди Валерий Ким.

Анын айтымында, федерация мамлекет тарабынан каржыланбагандыктан спортчулар өз эсебинен эл аралык мелдештерге катышып келет.

Кыргызстандын кудо федерациясы 2014-жылы түзүлүп, ошол жылы эл аралык федерацияга мүчө болгон. 2015-жылы дене тарбия жана спорт агенттигинен каттоодон өткөн.

Кудо боюнча дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык спортчулар. Солдон оңго карай: Анжелина Ким, Нурсултан Батырбеков, Ринат Урматбек уулу жана Наталья Аблова. 14-май, 2023-жыл.
Кудо боюнча дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык спортчулар. Солдон оңго карай: Анжелина Ким, Нурсултан Батырбеков, Ринат Урматбек уулу жана Наталья Аблова. 14-май, 2023-жыл.

Кудо - жеке таймаштын бир түрү. Бул спорт 1981-жылы чыгыштын жеке таймаштары боюнча чебери Адзума Такаси тарабынан Жапонияда негизделген. Курамына карате, дзюдо, тайбоксу өңдүү бир нече спорттун, жоокердик өнөрлөрдүн элементтери камтылган. Кудо боюнча дүйнө чемпионаты быйыл жаштар арасында 3-жолу, чоңдор арасында 6-жолу өттү. Мелдеш төрт жылда бир өтөт. 2014-жылы кыргызстандык Эламан Генжебаев 19 жашка чейинкилер арасында күмүш медал тагынган.(ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG