Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Reuters: Кыргыз компаниясы АКШнын санкция тизмесине кирди


Иллюстрация
Иллюстрация

АКШнын Каржы министрлиги Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти.

Reuters агенттиги 71 компания "кара тизмеге" киргизилгенин, анын 69у Орусияга, бири Кыргызстанга, дагы бири Арменияга таандык ишканалар экенин жазды.

Бирок кеп кайсы кыргыз компаниясы жөнүндө болуп жатканы азырынча беймаалым.

Жаңы чектөөлөргө негизинен, Орусиянын аскер күчтөрүнө жардам берүү үчүн колдонула турган буюмдарды чыгарган компаниялар илинген.

Орусиялык компаниялардын арасында авиация үчүн радиобайланыш түзүүчү ПРИМА илимий-өндүрүштүк ишканасы, "Ижевск учкучсуз системалар" илимий-өндүрүштүк бирикмеси, "Стрела", "Роствертол", "Пролетарский завод", "Техмаш", "Урал" жана башка ондогон ишканалар бар.

АКШ бул чечимди 19-майда, Хиросимадагы G7 саммити башталган күнү жарыялады.

Буга чейин Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 11-айлампасында Москвага чектөөлөрдү бузуп өтүүгө көмөк көрсөтүп жаткан үчүнчү мамлекеттерге да чара көрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан бери АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга каршы экономикалык санкцияларды улам кеңейтүүдө.

XS
SM
MD
LG