Сот Акылбек Жапаровдун кеңешчисин үй камагына чыгарды

Темирбек Эркинов.

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов үй камагына чыкты. Мындай чечимди 17-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Райондук соттун басма сөз кызматы Темирбек Эркиновду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү бергенин билдирди.

Атайын кызмат коррупция боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында Темирбек Эркиновду кармап, Биринчи Май райондук соту аны 4-майда 3-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Темирбек Эркинов 2021-жылы, ноябрда түзүлгөн Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталы 50 миллион доллар болору айтылган.

Ал Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон. 2010-жылы парламенттик шайлоого “Либерал-прогрессивдүү партиясынын” атынан катышкан. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Таластын мурдагы облус башчысы менен шаар мэри кармалганын билдирдиПрезидент Жапаров Тажикстан менен чек араны тактоо маселесин көтөрдүБайсалов Бакиевде кызыкчылыгын коргоо укугу барын айттыСадыр Жапаров Кытайдагы саммитте темир жол долбоорун көтөрдү“Чоң жети” Жапонияда Орусияга каршы жаңы санкцияларды талкуулайт "Кемпир-Абад" иши: Абактагы Атай Бейшенбек айып изоляторуна камалды