Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:48

УКМК Таластын мурдагы облус башчысы менен шаар мэри кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт
УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы президенттин Таластагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Нарбеков жана Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов кармалганын 19-майда билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, былтыр апрель айында тигүү фабрикасын куруу боюнча Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы байкоочу кеңеш атайын жоболорду бузуу менен 82 млн. сомдук долбоорду жактырган.

Ошол эле жылы фабрика куруучуну аныктоо үчүн тендер өтүп, “Ника KG” ишканасы жеңүүчү деп табылган. Андагы келишимге ылайык, аткарылган иштер толугу менен бүткөрүлүп, кабыл алынгандан кийин 100% каражат которулмай болгон.

“Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Э.Т.Т. көрсөтмөсү боюнча мурдагы Талас облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Н. Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 миллион сом которгон. Анын ичинен биринчиси, кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, “откат” иретинде акча каражатын алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктоо үчүн Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана Курулуш, турак жай-коммуналдык чарбасынын адистери долбоордун сметалык документтерине талдоо жүргүзүп, тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталган.

Кармалгандар Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК бул боюнча 11-майда кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Облустук өнүктүрүү фондунун башчысы Эмир Тыныбеков кылмыш ишинин козголгону боюнча комментарий бере албай турганын билдирген.

Талас шаардык мэриясы долбоорду курууда каржы маселесине кийлигишпегенин, болгону тигүү фабрикасын курууга жер бөлүп бергенин айткан.

2022-жылы шаардык мэрия миң орундуу тигүү цехин куруп, "Кул Брос" тигүү ишканасына ижарага берерин билдирген. Курулуш иштеринин чыгымын облустук өнүктүрүү фонду каржылай турганы айтылган. (MKt)

XS
SM
MD
LG