Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:45

Садыр Жапаров Кытайдагы саммитте темир жол долбоорун көтөрдү


Садыр Жапаров. Сиань шаары. 19-май, 2023-жыл.
Садыр Жапаров. Сиань шаары. 19-май, 2023-жыл.

19-майда президент Садыр Жапаров Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинде Кыргызстан аймактагы саясий байланыштарды бекемдеп, экономикалык алаканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктарга каршы турууда күчтөрдү бириктирүүгө кызыкдар экенин айтты.

Мамлекет башчысы “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна токтолду. Аны ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейте турганын билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымадады.

“Кыргыз тарап “Борбор Азия – Кытай” форматынын алкагында кызматташуунун бардык багыттары боюнча жигердүү иш алып барууга даяр. Биргелешкен аракеттер менен “Сиань декларациясы” даярдалып, макулдашылды. Ал өз ара аракеттенүүнүн негизги магистралдык жолун аныктаган маанилүү концептуалдык документ болушу керек”, - деди Садыр Жапаров.

“Борбор Азия – Кытай” саммитине катышып жаткна өлкөлөрдүн президенттери.
“Борбор Азия – Кытай” саммитине катышып жаткна өлкөлөрдүн президенттери.

Кытайдын Сиань шаарында “Кытай - Борбор Азия” саммити өтүп жатат. Ага Борбор Азиядагы беш мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери катышууда.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш. (BTo)

XS
SM
MD
LG