Ошто куралды мыйзамсыз алып жүргөн кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды

Шектүүлөрдү кармоо учуру.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 16-майга караган түнү куралды мыйзамсыз алып жүргөн кылмыштуу топ кармалганын билдирди.

Шектүүлөр бараткан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаадан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (төрт огу менен), бир тапанча (үч огу менен) алынган. Кармоо учурунда алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, качууга аракет кылган.

Жыйынтыгында 27, 30, 29 жаштагы үч киши кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келген. Тергөө жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылганы аныкталды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 13-майда Ош шаарында кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандагы курал-жарак табылганын кабарлаган. (BTo/ DSh)

Дагы караңыз

ЖК комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди колдодуКазак тарапта калган жер көйгөйү: депутаттар Чүй дарыясына барды УКМК Ысык-Көлдө мейманканага 8 гектар жер мыйзамсыз берилгенин билдирди Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табыла элекКаза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнчү 21 миллион сом кенемте талкууга айланды