Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар тобу 15-майда Чүй дарыясынын жээги жуулуп, жүздөгөн гектар жер казак тарапта калган жагдай менен жеринен таанышты.
Бул тууралуу Азыгалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда маселени тез арада чечүү тууралуу тийиштүү жетекчилерге тапшырма берилгенин билдирди.
"Алгач Ысык-Ата жана Аламүдүн районунан өткөн Чүй дарыясынын кооптуу делген жээктерин көрүп, тармакты тейлеген жетекчилерден маалымат алдык. Кыргыз-казак чек ара тилкесин бойлой аккан дарыянын жээгин бекемдөө бир топ жылдан бери чечилбей келген маселеге айланган. Натыйжада суунун нугу Кыргызстан тарапка ооп, чек ара сызыгы Казакстан тарапта калып кеткен. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү керек. Анткени суунун нугу жылса да, чек ара тилкесин аныктаган мамылар ордуна калат",-деп жазды Азыгалиев.
Мунун алдында Чүй дарыясынын кыргыз-казак чек арасын бойлой өткөн бөлүгүндөгү жээктерди бекемдөөгө быйыл Финансы министрлиги 50 миллион сом гана бергени белгилүү болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги казак тарапта калган гектарлаган жерлер маселесинен улам быйыл Чүй дарыясынын беш жерине дамба куруу үчүн 177 миллиондой сом суралганын билдирген.
Кыргыз өкмөтү жана президенттин администрациясы Чүйдүн жээгин бекемдөөгө эмнеге кыйла аз акча бөлүнгөнү тууралуу комментарий бере элек.
"Азаттык" 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин кемирип, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.
Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Эрулан Көкүлов Чүй дарыясы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү маселелерди көтөргөн. Анда өкмөт дарыянын жээгин бекемдөөгө акча бөлүп бере электигин сынга алып, чек арага көңүл буруу керектигин эскерткен.
2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.
Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган.
Иликтөөнү төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.