Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табыла элек


Сууга чөгүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери.
Сууга чөгүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери.

Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 14-майда 14-17 жаштагы өспүрүмдөр Баткен районундагы Төрткүл суу сактагычында кайык менен жүрүп сууга чөгүп кеткен. 15-майда 14 жаштагы баланын сөөгү табылган. Экинчисин издөө иштери 16-майда да улантылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

Адистер мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этият болуу зарыл экенин айтып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG