ЖК комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди колдоду

Күлира Кубатова жана Жамиля Жаманбаева.

16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди карап, экөөнү тең колдоду. Маселе 17-майда парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

“Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөттү. 46 жаштагы Жамиля Жаманбаева эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы болуудан баштаган. 2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болгон.

“Ыйман Нуру” фракциясы сунуштаган 52 жаштагы Күлира Кубатова эмгек жолун 1997-жылы Саламаттык сактоо министрлигинде баштап, 2014-жылга чейин иштеген. 2014-2021-жылдары Социалдык өнүктүрүү министрлигинде эмгектенген.

Акыйкатчы институтунун эмгек жамааты институттун эки кызматкерин талапкер кылып чыгаруу боюнча Жогорку Кеңешке, фракцияларга кайрылган. Бирок ал колдоо тапкан жок.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар парламенттин чечимин сындаган. (BTo)

Дагы караңыз

Казак тарапта калган жер көйгөйү: депутаттар Чүй дарыясына барды УКМК Ысык-Көлдө мейманканага 8 гектар жер мыйзамсыз берилгенин билдирди Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табыла элекАкыйкатчы институту бул кызматка дагы бир талапкер сунуштадыКаза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнчү 21 миллион сом кенемте талкууга айланды