Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адамдарга көп суммада зыян келтирип, каржы пирамидасын жалпыга маалымдоо каражаттарынан, Интернеттен ачык жарнама кылгандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболоруна киргизилген өзгөртүүгө ылайык, адамдарга зыян алып келген каржы пирамидасын жарнама кылгандар 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пулга жыгылат.
Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов жазып чыгып, парламент быйыл 5-апрелде колдогон.
Кыргызстанда каржы пирамидаларына акчасын алдаткандар көп. Белгилүү эстрада ырчылары, диний аалымдар, блогерлер жана тамада, алып баруучулар каржы пирамидасын жарнамалаган учурлар да кездешүүдө. Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылгандарга алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин эскертип келет. (BTo)
Дагы караңыз
Тайланддагы шайлоодо өзгөрүүнү жактагандар жеңишке жеттиWP: Пригожин украин чалгынчыларына кызматташууну сунуштаганИри өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү аял камакка алынды Министр Кулубаев Батыштын ыктымал санкциялары боюнча комментарий бердиЖМК жөнүндө мыйзамдын бешинчи варианты иштелип чыкты Акыйкатчы институтунун айрым кызматкерлери өз талапкерин сунуштады