Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Акыйкатчы институтунун айрым кызматкерлери өз талапкерин сунуштады


Аскат Азарбеков.
Аскат Азарбеков.

Акыйкатчы институтунун эмгек жамаатынын айрым кызматкерлери мекеменин аппарат жетекчиси Аскат Азарбековдун талапкерлигин көрсөттү. Анын талапкерлигин колдоо боюнча 50дөн ашык кызматкер кол койгон кат Жогорку Кеңештин төрагасына, фракцияларга жана депутаттык топторго жөнөтүлгөнү кабарланды.

Аскат Азарбеков “Азаттык” радиосуна институттун кызматкерлеринин кайрылуусу тууралуу комментарий берди.

“Мыйзам боюнча акыйкатчы кызматына талапкерлерди фракциялар менен депутаттык топтор сунуштайт. Бирок биздин эмгек жамааттын ою бар экен. Алар мени чыгарды”.

33 жаштагы Аскат Азарбеков Акыйкатчы институтунда эки жарым жылдан бери иштейт.

Буга чейин парламенттеги “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөткөн. Кийинчерээк Мирлан Жээнчороев талапкер болуудан баш тарткан.

Көп өтпөй “Ата Журт - Кыргызстан” фракциясы акыйкатчылыкка Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин жылдырды. 46 жаштагы Жаманбаева буга чейин башкы прокурордун орун басары болгон.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган.

19-апрелде парламенттеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаттары акыйкатчынын өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу баяндамасын угуудан баш тартып, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү жана кызматынан мөөнөтүнөн мурда алууну сунушташкан. Көп өтпөй президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев акыйкатчы карапайым адамдардын укугун коргобойт деп сындап чыккан.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Атыр Абдрахматованын кызматтан кетишине байланыштуу кабатырлыгын билдирген.

“Хьюман Райтч Уотч” укук коргоо уюму, Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү баштаган бир катар эл аралык мекемелер, Укук коргоочулардын глобалдык альянсы Абдрахматованын ишин жогору баалаган билдирүү таратып, бийликти аны иштен албоого чакырышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG