Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

WP: Пригожин украин чалгынчыларына кызматташууну сунуштаган


Евгений Пригожин
Евгений Пригожин

Пентагондун интернетке чыгып кеткен документтери "Вагнер" жалданма аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин Украинанын чалгынчыларына кызматташуу сунуштаганын көрсөтүп турат. The Washington Post басылмасы жазгандай, ал Украина армиясын Бахмуттан чыгарып кетсе, бул үчүн Киевге орус аскерлеринин позициялары тууралуу маалымат берерин айткан.

Документте Пригожин мындай сунушту январда Украинанын аскердик чалгын кызматына өз байланыштары аркылуу жолдогону белгиленген. Муну Украинанын эки булагы журналисттерге тастыктады. Алардын бири Киев ишенбегендиктен, бул сунуштан баш тартканын ырастады.

АКШнын чалгын кызматынын маалыматтарынын негизинде чогултулганы айтылган дагы бир документте Пригожин Африкадагы украиналык аскерий чалгынчылар менен жеке жолукканы жазылган. Анда ал орус аскерлерине ок-дары жетишпей жатканын айтып, Украинанын Куралдуу күчтөрүнө Крымга каршы чабуул баштоону сунуштаганы белгиленет.

Пригожин бул учурду Телеграмга мыскыл аралаш комментарийлеп, "Бизде чет элдик чалгын кызматтарынан жашыра турган нерсебиз жок, биз [Украинанын аскердик чалгындоо кызматынын башчысы Кирилл] Буданов менен дагы эле Африкадабыз" деп аудио билдирүү жарыялаган.

The Washington Post гезитине Орусия да, Украинанын аскердик чалгын кызматы дагы жооп берген эмес. Украинанын президенти Владимир Зеленский басылмага Пригожин менен байланышын ырастаган эмес.

Украина Орусия менен 2022-жылдын августунан бери Бахмут үчүн салгылашып жатат. Калаада негизинен "Вагнердин" жалданма аскерлери басымдуулук кылат. Жекшембиде Киев Украинанын Куралдуу күчтөрү Бахмуттун четинде Орусиянын аскерлери ээлеп турган ондон ашык позицияны кайтарып алганын жарыялаган.

Бахмутта эки тарап тең олуттуу жоготууларга учурады. Майдын башында Пригожиндин Орусиянын Коргоо министрлиги менен жаңжалдашканы тууралуу маалыматтар чыгып, ал ок-дары жетишпей жатканын айткан жана "вагнерчилер" Бахмуттан кетерин билдирген.

XS
SM
MD
LG