Эл аралык өнүктүрүү фонду (ОПЕК) Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоого 15 миллион доллар бөлөт. Келишимге Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынында кол коюлганын Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Андын тышкары, ушул эле жолду оңдоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкы 50,2 млн. доллар бөлөт.
Суусамыр-Талас-Тараз жолу Талас облусун Кыргызстандын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары менен, Казакстандын түштүк аймактары менен байланыштырат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги быйыл жолдун 104-198 тилкесин оңдоо пландалып жатканын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
Акыйкатчы институтунун айрым кызматкерлери өз талапкерин сунуштадыЖМК жөнүндө мыйзамдын бешинчи варианты иштелип чыкты Түркиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Эрдоган алдыдаУкраина Бахмутта ондон ашык позицияны кайтарып алганын кабарладыУКМК коррупциялык схема түзгөн салыкчылар кармалганын билдирдиӨзбекстанда Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин эки партия колдоду