Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин эки партия колдоду


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда “Улуттук кайра жаралуу” (“Миллий Тикланиш”) партиясы Либерал-демократтар партиясы (УзЛиДеП) президенттикке талапкерлигин сунуштаган азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди колдоду.

8-майда Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол коюп, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону 9-июлга белгилеген.

Өзбекстанда 30-апрелде Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу референдум өткөн. Анда Конституцияны өзгөртүү сунушун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдоп, 9,35% каршы болгон.

Референдумга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды. Ал Өзбекстанга ондогон жыл темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин, 2016-жылы бийликке келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG