Кыргызстанда президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын сунуштады. 56 беренеден турган документте буга чейин медиа коомчулук каршы чыккан талаптар дагы деле калтырылганы белгилүү болду.
Долбоордо веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тармактык маалымат каражаты катары каттоодон өтүүгө милдеттүү экени жазылган. Ал эми Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты болуп каттоодон өтүү үчүн Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине арыз берилери көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдарын, ченемдик укуктук актыларын жарыялаган сайттар ЖМК катары катталбайт.
ЖМК ачылгандан кийин алты айдын ичинде иштеп башташы керек. Бул убакыт аралыгында эч кандай материал чыгырбаса, каттоо күбөлүгү жараксыз болуп калат.
Дагы караңыз ЖМК мыйзамы: жаңы варианттагы кооптондурган жоболорПрезиденттин администрациясы былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.
Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.
Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчи болгон. Андан бери жумушчу топ эки эле жолу жыйынга чогулган. (BTo)
Дагы караңыз
Өзбекстанда Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин эки партия колдодуУКМК коррупциялык схема түзгөн салыкчылар кармалганын билдирдиТүркияда президенттик шайлоодо бир дагы талапкер 50% чектен өтө элекАрмения жана Азербайжан лидерлери Брюсселде жолугушту