Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Түркияда президенттик шайлоодо бир дагы талапкер 50% чектен өтө элек


Түркиядагы президенттик шайлоого төрт талапкер катышты.
Түркиядагы президенттик шайлоого төрт талапкер катышты.

15-майга карата Түркиядагы президенттик шайлоодо добуштардын 98,38% саналып бүттү. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,34% алып алдыда келатат.

Ал эми анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 45% топтоду.

АТА альянсынан чыккан Синан Оган 5,23%, “Мамлекет” партиясынын лидери Мухаррем Инже 0,43% добуш алды.

Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50% көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.

Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы билдирүүсүндө өлкөдө демократиянын кезектеги майрамы 14-майда шайлоо менен аяктаганын билдирип, “азырынча так жыйынтык чыга элек болсо да, биз алда канча алдыдабыз” деп айтты.

Ал эми Кемал Кылычдароглу шайлоонун экинчи туруна да даяр экенин, анда сөзсүз утуп чыгарын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG