ЖКда Мамлекеттик кызмат агенттиги жана анын башчысы сынга кабылды

Жеңишбек Токторбаев.

Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери агенттигине жана анын жаңы дайындалган жетекчиси Улан Карыпбековго сын айтылды. Анда депутат Жеңишбек Токторбаев Карыпбеков бул кызматка Улуттук коопсуздук комитетинен келгенин белгилеп, ал жетектеген агенттиктин зарылдыгы тууралуу маселе көтөрдү. Ошондой эле Карыпбековду өзү жетектеген агенттигин аталышын так айта албаганын сынга алды.

"Урматтуу Улан Кадырсултанович, сиз тажрыйбалуу чекист болсоңуз, полковник болсоңуз, ушул кызмат сизге керек беле? Сиз өзүңүз тазасызбы, ушул кызматка татыктуусузбу? Ээлеп турган кызматыңыздын аталышын да билбейсиз. Жок дегенде жаттап келбейсизби. Ушул сиз жетектеген кызмат азыркы күндө керекпи? Бул агенттик эмне кызмат аткарат? Силер тест уюштурасыңар, мониторинг жүргүзөсүңөр, башка эч жумуш жасабайсыңар. Кадрлар резервинде 2700 киши турат, алар канча жылдан бери жылбай турат. Сынак өткөрүүгө мораторий жарыялоо керек. Ошол тизмедеги 2700 кишини кызматка орноштурмайынча сынак өткөрүлбөшү керек. Бул агенттик коррупцияга эң көп баткан орган болуп эсептелет",-деди Токторбаев.

Улан Карыпбеков депутатттын суроосуна жооп берип жатып, ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дайындалганын, мамлекет башчынын ишеничин актоого аракет кыларына айтты.

Карыпбеков бул кызматка өткөн айда дайындалган. Ага чейинки башчы Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болгон.

Расмий маалыматка ылайык. учурда аймактык жана муниципалдык кадрлар резервинде 2767 адам бар турат.

Дагы караңыз

Базарбаев "социалдык келишим" 9,5 миң адам менен түзүлгөнүн айтты Аймактык жана муниципалдык кадрлар резервинде 2767 адам турат Чикаго: Болотбек Борбиев менен Дональд Лу алака-катышты талкууладыБазарбаев балдарына жөлөк пул алган үй-бүлөлөр азайганын билдирдиКөп кабаттуу үйлөрдүн сапатын мекемелер аралык комиссия текшерет