Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Базарбаев балдарына жөлөк пул алган үй-бүлөлөр азайганын билдирди


Кудайберген Базарбаев.
Кудайберген Базарбаев.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын 12-майдагы жыйынында өлкөдө балдарына жөлөк пул алган үй-бүлөлөр азайганын билдирди. Бирок кандай себептерден улам кыскарганын тактаган жок.

"Бизде азыр 99 миң үй-бүлө 328 миң бала үчүн жөлөк пул алат. 2021-жылы мындай үй-бүлөлөрдүн саны 112 миң, ал эми балдардын саны 342 миң болчу. Мурун жөлөк пулдун орточо суммасы 810 сом болгон. Былтыр 22-июндан баштап 1200 сомго чейин көбөйгөн. Жөлөк пул берүүгө быйыл 5 миллиард 600 миллион сом каралаган",-деди министр.

Буга чейин бир катар аймактарда балдарына жөлөк пул алууда кыйынчылыктар бар экени тууралуу нааразылык айтылып келген.

Өткөн айда Улуттук статистика комитети 2023-жылдын биринчи кварталында (январь, февраль, март) кыргызстандык бир кишинин жан сактай турган минималдык каражаты 7501 сом 97 тыйынды түзгөнүн билдирген. Маалыматка ылайык, жашоо минимуму эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдарга 8363 сом, пенсия курагындагыларга 6650 сом, балдар үчүн 6415 сом деп эсептелди.

2022-жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 6813 сом болгон.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. Ал квартал сайын эсептелип турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG