Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Аймактык жана муниципалдык кадрлар резервинде 2767 адам турат


Өкмөт үйү, архивдик сүрөт.
Өкмөт үйү, архивдик сүрөт.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Улан Карыпбеков учурда аймактык жана муниципалдык кадрлар резервинде 2767 адам бар экенин билдирди. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын 12-майдагы жыйынында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жетекчилер кандай шартта дайындалып жатканын түшүндүрдү.

"Акимдер жана алардын орун басаралары аймактык резервде тургандардан тандалат. Муниципалдык резевден мэрлер дайындалат. Кадрлар резервине тандоо үч этап менен өтөт. Биринчиси, документтерди кабыл алуу, экинчиси, компьютердик тест тапшыруу, ал эми үчүнчүсү баарлашуу",-деди Карыпбеков.

Март айында президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жаңы акимдери кантип тандалганы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда Фейсбуктагы баракчасына Илияз Ташкулов менен Мурадин Тешебаев буга чейин кадрлар резервинде болгонун билдирген.

"Акимдик кызматка дайындалган талапкерлер Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери агенттигинин аймактык кадрдык резервинде болгон. Квалификациялык талаптарга жооп берген ар бир каалоочу атайын тестирлөөдөн өтүп, муну менен акимдердин кызмат ордуна дайындоого сунушталган резервисттердин тизмесине кире алат. Бул принцип тууганчылык, тааныш-билиштин жардамы менен кызматтарга дайындоону жокко чыгарат".

Сокулук жана Аламүдүндүн ага чейинки башчылары жер мунапысы тууралуу өкмөттүн токтомун жетиштүү аткарган жок деген негизде иштен алынган. Анын алдында Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотованын окуясы кызуу талкуу жаратып, ал келинден президент Садыр Жапаров кабар алып, көп өтпөй ага кайра үй курулган.

XS
SM
MD
LG