Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) улуттар аралык кастыкты козутууга шек саналып, 32 жаштагы К.К. аттуу жаран кармалганын маалымдады.
Ага ылайык, Тик Ток социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн баракчасына улуттар аралык кастыкты козуткан, башка улуттарды кемсинткен постторду жарыялап турган.
"Анын посттору социалдык тармактын башка пайдалануучулары тарабынан кызуу талкууланып турган. Бул улуттар аралык чыр-чатакка алып келиши ыктымал", - деп жазылган милициянын маалыматында.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, Кылмыш кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этникалык, диний, улуттук жана аймактык кастыкты козутуу") менен кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында 32 жаштагы блогер кармалып, ШИИБдин убактылуу камоочу жайына киргизилди.
Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактагы пикири үчүн 330-берене менен иш козголгон учурлар катталган.
2021-жылы окутуучу Гүлзат Алиева дагы ушундай мазмундагы айып менен кармалып, үй камагына чыккан. 2020-жылы февралда Сыдыман деген ат менен таанымал блогер Элмирбек Сыдыманов "улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен кармалып, үй камагына бошотулган.
Бул берене менен 2019-жылы жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалып, кийин кайра кое берилген, ал эми окутуучу Темир Болотбек Жогорку Соттон акталган. (ZKo)
Дагы караңыз
Базарбаев "социалдык келишим" 9,5 миң адам менен түзүлгөнүн айтты Аймактык жана муниципалдык кадрлар резервинде 2767 адам турат Чикаго: Болотбек Борбиев менен Дональд Лу алака-катышты талкууладыҮч муундун акындары катышкан поэзия кечеси өтөтКытай Украина менен Орусияга атайын чабарманын жиберет"Америкага азап менен жеттим". Мобилизациядан качкан Азамат, Мексикада турган Касиет