Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:54

Үч муундун акындары катышкан поэзия кечеси өтөт


14-майда 18:30да Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрында үч муундун акындарынын башын бириктирген “Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кечеси өтөт.

Саамалыкка он эки калемгер катышып, чыгармачылыгын тартуулайт. Алар: Кыргыз Республикасынын эл акындары Сагын Акматбекова, Карбалас Бакиров, өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жыпар Исабаева, манасчы Рысбай Исаков, акындар Алтынбек Исмаилов, Нуриза Өмүрбаева, Максат Жангазиев, Бекмурат Келдибаев, Малика Жумалиева, Садырбек Турдубек уулу, Бегайым Нурлан кызы жана Айзат Кудайберди кызы.

Иш-чараны Улуттук жазуучулар союзу, эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору уюштурууда. Ырчы-чоорчулар коштогон “Ыр өмүр” поэзия кечесинде акын Сагын Акматбекованын “Күүгүмдөгү күү” аттуу жаңы китебинин бет ачары өтөт.

Поэзия кечеси төрт бөлүмдөн туруп, лирикалык, атуулдук ырлар менен катар эгемен өлкө турмушу, коомдун социалдык абалы акындардын тематикалык ырлары аркылуу чагылдырылат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай поэзия кечесин бир жылда эки ирет өткөрүп туруу пландалууда.

Cоңку кездери кыргыз акын-жазуучуларынын китептери чыгып, жеке чыгармачылык кечелер өтүп жатканы менен, бир сахнада ондон ашык калемгердин чыгармачылыгы бириккен иш-чаралар көптөн бери өтө элек болчу. (MZh)

XS
SM
MD
LG